2026-жылдын 26-июнунда Бишкек шаарында Алматы – Бишкек экономикалык коридору (ЭКАБ) демилгесинин алкагында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын туризм боюнча Биргелешкен жумушчу тобунун жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин, Казакстан Республикасынын Туризм жана спорт министрлигине караштуу Туризм индустриясы комитетинин өкүлдөрү, ошондой эле Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Алматы – Бишкек экономикалык коридорунун туризмди өнүктүрүү боюнча жаңыланган мастер-планы, 2030-жылга чейинки туризм тармагындагы кызматташтык планы, жайгаштыруу объектилерин бирдиктүү классификациялоо системасын киргизүү, Консультативдик кеңешти түзүү жана туризм тармагындагы кесиптик стандарттарды өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Департаменттин өкүлдөрүнүн катышуусу эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Бишкек шаарынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган.