2026-жылдын 6–28-июнь күндөрү Бишкек шаарынын Ленин, Свердлов, Биринчи Май жана Октябрь райондорундагы жалпы билим берүүчү мектептеринде жайкы мектеп алдындагы лагерлердин алкагында спорттук-массалык иш-чаралар өткөрүлдү.

Балдар үчүн спорттук эстафеталар, мелдештер жана кыймылдуу оюндар уюштурулду. Иш-чаралардын негизги максаты — окуучулар арасында дене тарбияны жана спортту жайылтуу, балдарды спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу, активдүү эс алууну өнүктүрүү жана сергек жашоо образын калыптандыруу болуп саналат.

Жалпысынан спорттук иш-чаралар борбор калаадагы 39 жалпы билим берүүчү мектепти камтып, ага 4 880 бала катышты.

Райондор боюнча:
•Ленин району — 10 мектеп, 1 500 катышуучу;
•Свердлов району — 15 мектеп, 1 380 катышуучу;
•Октябрь району — 9 мектеп, 1 000 катышуучу;
•Биринчи Май району — 5 мектеп, 1 000 катышуучу.

Спорттук иш-чараларга катышкан бардык балдар дипломдор менен сыйланышты.

Спорттук иш-чаранын уюштуруучусу — Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти.