2026-жылдын 1-июлунан тартып Бишкек шаарындагы муниципалдык коомдук транспортто заманбап электрондук төлөм ыкмаларын колдонуу менен жол кире төлөө системасы ишке кирет.

Жүргүнчүлөр жол кирени «Тулпар» транспорттук картасы, Visa, Mastercard жана «Элкарт» банктык карталары, QR-коддор, ошондой эле башка электрондук төлөм кызматтары аркылуу төлөй алышат.

«Тулпар» транспорттук картасы жок жүргүнчүлөр үчүн Pay24 төлөм терминалдары аркылуу бир жолку электрондук билет сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралган. Жол кирени төлөө үчүн билетте көрсөтүлгөн QR-кодду транспорт каражатында орнотулган валидаторго тийгизүү жетиштүү.

Мындан тышкары, «Тулпар» картасын колдонгондо жүргүнчүлөр биринчи төлөм жасалган учурдан тартып 60 мүнөттүн ичинде муниципалдык коомдук транспортто төрт жолуга чейин бекер кайра отуруп өтө алышат.