Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында өлкөдөгү эң ири музыкалык долбоорлордун бири болгон «КЫРГЫЗ ТУР – 2026» долбоорунун жыйынтыктоочу концерти болуп өттү.

Иш-чарага борбор калаанын миңдеген шаар  тургундары жана коноктору катышты. Сахнада Бегиш, Ulukmanapo, Freeman996, Баястан, Aftok, Era, 7Gen, KAIBAR жана башка белгилүү ата мекендик ырчылар өнөрлөрүн көрсөтүп, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулашты.

Концерт заманбап кыргыз музыкасынын күйөрмандарын бириктирген маанилүү маданий иш-чаралардын бири болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө коомдук тартипти жана коопсуздукту укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана тиешелүү шаардык кызматтар камсыздашты.