2026-жылдын 1-июлунда Бишкек шаарынын Мектеп лигасынын жеңүүчүлөрү үч күндүк эс алуу үчүн Ысык-Көлгө кетишти. Биринчи агым менен 195 окуучу сапар алды. Жалпысынан үч агым уюштурулуп, анда 543 окуучу эс алат. Балдардын коопсуздугун камсыздоо жана коштоп жүрүү максатында алар менен бирге машыктыруучулар барышат.
Бишкек шаарынын мэринин орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу Рахат Мусаева катышуучуларга ак жол каалады. Ал Ысык-Көлгө жолдомо спортко болгон сүйүүнүн, тынымсыз эмгектин жана жетишкен ийгиликтердин татыктуу сыйлыгы экенин белгиледи. Ошондой эле балдардын коопсуздугу эң башкы орунда турарын баса белгилеп, окуучуларды тартипти жана коопсуздук эрежелерин сактоого, бири-бирин урматтап, колдоп жүрүүгө жана Бишкек шаарынын намысын татыктуу алып жүрүүгө чакырды.
Белгилей кетсек, Мектеп лигасы жыл сайын жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары арасында спорттун ар кандай түрлөрү боюнча өткөрүлөт. Мелдештер райондук, шаардык баскычтарда уюштурулат. Шаардык этаптын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери сыйлык катары Ысык-Көлдө эс алууга жолдомо алышат.





