Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Олд Бишкек» соода комплексинин аймагына барып, аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты жана долбоордун өкүлдөрү менен жолугушту.

Текшерүүнүн жүрүшүндө калаа башчысы соода түйүндөрүндө жашы жете элек өспүрүмдөрдүн эмгекке тартылганы аныкталгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматтын өкүлдөрүн эмгек мыйзамдарынын сакталышын текшерүүгө жөнөтүүнү тапшырды.

Мэр Чүй проспектиси менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги объектти демонтаждоо жана аймакты көрктөндүрүү боюнча созулуп кеткен жумуштарга өзгөчө көңүл бурду. Айбек Джунушалиев соода объекттери   ишмердүүлүгүн баштап жибергенине карабастан, инвестор ушул күнгө чейин өзүнө алган милдеттенмелерин аткара электигине нааразычылыгын билдирди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгына демонтаждоо иштерин аяктоо үчүн эки жумалык мөөнөт белгилөө тапшырылды. Инвесторго өз кезегинде кошумча күчтөрдү тартуу, демонтажды тездетүү жана аймакты көрктөндүрүү иштерин бүтүрүү милдети жүктөлдү.

Эгерде бул тапшырмалар белгиленген мөөнөттө аткарылбаса, анда аталган өтмөктө жайгашкан бардык соода түйүндөрүнүн ишин токтотуу маселеси каралары белгиленди.

«Шаардын алдында алган милдеттенмелериңиздерди аткарбай туруп, ишкердик жүргүзүп жатасыздар», — деди Айбек Джунушалиев.

Мындан тышкары, «Берен Голд» имаратынын фасадын реконструкциялоо иштери уланууда. Мэр анын жанындагы соода объекттерин бирдиктүү архитектуралык көрүнүшкө келтирүүнү тапшырды. Ошондой эле тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок объекттердин укуктук макамын жөнгө салуу, алардын алдындагы жер тилкелерин муниципалдык менчикке өткөрүп, мыйзамда белгиленген тартипте ижара келишимдерин түзүү боюнча тапшырмалар берилди.

Жолугушуунун жүрүшүндө LAVR Development компаниясы ЦУМдан Абдрахманов көчөсүнө чейинки коомдук мейкиндикти көрктөндүрүү боюнча долбоорун сунуштады.

Долбоордо тарыхый фонтанды анын баштапкы архитектуралык стилин сактоо менен заманбап талаптарга ылайык жаңылоо, жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу аймак түзүү, отургучтарды орнотуу, аймакты жашылдандыруу максатында   тал көчөтүн отургузуу каралган. Ошондой эле жер алдындагы өтмөккө түшүүчү эскалаторлору бар атриум гана сакталып, калган бардык курулуштар демонтаждалып, бул аймак ачык коомдук мейкиндикке айландырылат.

Мындан сырткары, компания Шопоков көчөсүн мындан ары көрктөндүрүү боюнча концепциясын да тааныштырды. Долбоордо жер алдынан кирүүчү көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жай куруу сунушталып, анын негизинде автотранспорт менен жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылын өз-өзүнчө уюштуруу каралган.

Ошондой эле көчөдө «Даңк аллеясын» түзүү пландалууда. Анда кадимки көчө жарыктандыруу мамыларынын ордуна белгилүү инсандардын ысымдары жазылган декоративдүү жарык конструкциялары орнотулат.