2026-жылдын 1-июлунан тартып Бишкек шаарынын төрт райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында ай сайын төлөнүүчү мамлекеттик «Бала ырысы» жөлөк пулун дайындоо үчүн документтерди кабыл алуу башталды.

Социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын адистери жарандардын документтерин кабыл алып, жөлөк пулду дайындоо боюнча консультацияларды беришет, аны тариздөө тартибин, талап кылынуучу документтердин тизмесин жана арыз берүүнүн жолдорун түшүндүрүшөт.

Эске салсак, ай сайын төлөнүүчү мамлекеттик «Бала ырысы» жөлөк пулу үч жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө кирешесинин деңгээлине карабастан дайындалат. Жөлөк пулдун өлчөмү ар бир балага ай сайын 1 200 сомду түзөт.

Арызды мамлекеттик кызматтардын «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу же жашаган жери боюнча райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына жеке кайрылуу менен берүүгө болот.

«Бала ырысы» мамлекеттик жөлөк пулун дайындоо боюнча бардык суроолор менен шаар тургундары райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына кайрылып, консультация ала алышат.