2026-жылдын 1-июлунда Бишкек шаарына «Таза карма» фондунун негиздөөчүсү, эко-активист Андрей Панаев келди. Ал айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоону жайылтууга жана жашылдандырууга арналган жөө жүрүш экологиялык акциясын жыйынтыктады.
Акциянын алкагында Андрей Панаев Каракол шаарынан Бишкекке чейин карагайдын көчөтүн жөө алып келген. Ал 9 күндүн ичинде 388 чакырым аралыкты басып өткөн.
Шаарга келгенден кийин активист медициналык кароодон өттү. Андан соң иш-чаранын катышуучулары экологиялык таза транспорт менен катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү жана электр энергиясын өндүрүүчү эко-технологиялык заводдун аймагына барышты. Ал жерден активистти Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев тосуп алды.
Иш-чаранын жүрүшүндө алып келинген карагай жана тамыры жабык тутумдагы топурагы менен башка бак-дарактардын көчөттөр отургузулду. Көчөттүн жанына QR-коду бар тактача орнотулду, анда экологиялык акция жана анын максаттары тууралуу маалымат камтылган. Салтанаттуу аземден кийин айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык маданиятты өнүктүрүү жана шаарды жашылдандыруу багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине арналган маек курулду.
Андрей Панаев Россия Федерациясынын Казань шаарында туулган. Анын айтымында, ар кайсы өлкөлөргө саякаттап жүрүп, өз жашоосун Кыргызстан менен байланыштырууну чечкен. Бул жерден ал өмүрлүк жарын таап, үй-бүлө курган жана учурда Каракол шаарында жашайт.
Экологиялык акциянын башкы максаты шаар тургундарынын көңүлүн айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине буруу, бак-дарактарды отургузууну жайылтуу, жарандардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатуу жана жаратылышка аяр мамиле жасоо маданиятын калыптандыруу болуп саналат.














