Орусия тараптын чакыруусу жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен 2026-жылдын 25–30-июнь күндөрү борбор калаадагы муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын 18 бүтүрүүчүсү Санкт-Петербург шаарына барып, бүтүрүүчүлөр үчүн уюштурулган эң ири майрамдардын бири – «Алые паруса» салтанатына катышты.
Маданий-билим берүү программасынын алкагында окуучулар Санкт-Петербург шаарынын тарыхый жана маданий кооз жерлери менен таанышты. Алар үчүн Мамлекеттик Эрмитаж музейине, Мамлекеттик Орус музейине, «Ленрезерв» музейдик-тарыхый комплексине, ошондой эле Петергоф сарай-парк ансамблине экскурсиялар уюштурулду. Сапардын катышуучулары шаардын бай тарыхый жана маданий мурасы менен таанышып, дүйнө таанымын кеңейтип, жаңы билимдерге ээ болушту.
Программанын эң маанилүү бөлүгү 27-июнда Санкт-Петербургдун борбордук аянтында өткөн «Алые паруса» майрамына катышуу болду. Бул масштабдуу иш-чарага болжол менен 70 миң бүтүрүүчү катышты. Борбор калаанын бүтүрүүчүлөрү концерттик программага, жарык шоусуна жана Нева дарыясы аркылуу кызыл парустуу кеменин салтанаттуу сүзүп өтүүсүнө күбө болушту.
Мындай маданий-билим берүү сапарлары жаштардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө, достук байланыштарды чыңдоого, тарыхка жана маданиятка болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзүп, бүтүрүүчүлөрдүн эсинде жаркын жана унутулгус таасирлерди калтырат.





