2026-жылдын 24–28-июнь күндөрү Филиппиндин Манила шаарында өспүрүм кыздар, кыз-келиндер жана жаштар арасында самбо боюнча Азия жана Океания чемпионаты өттү.
«Ак Илбирс» ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп, эки байгелүү орунду багындырышты.
Мелдештин жыйынтыгында:
•Усон кызы Акак (54 кг) чемпионаттын күмүш байге ээси болду;
•Колушева Анастасия (80 кг) коло медалга ээ болду.


