Заманбап беш таймаш боюнча «Дельфин» ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары 2026-жылдын 22–29-июнь күндөрү Казакстан Республикасынын Бурабай шаарында өткөн биатлон жана триатлон боюнча Борбор Азиянын Ачык кубогунда ийгиликтүү катышышты.
Мелдешке Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Украинанын улуттук курама командалары катышты. «Дельфин» ОРАБӨМдүн намысын 11 спортчу коргоп, Кыргызстанды татыктуу көрсөтүп, бир катар байгелүү орундарды жеңип алышты.
Мелдештин жыйынтыгы:
•Дарья Исламова – аялдар арасында биатл боюнча жеке эсепте 3-орун, ошондой эле триатлон боюнча жеке эсепте 3-орун;
•Ксения Безбожнова жана Владимир Корнев – биатлон боюнча командалык эсепте 3-орун;
•Даткайым Талапкерова – «Биатлон Mix» дисциплинасы боюнча 3-орун;
•Даткайым Талапкерова жана Жаныш Зайырбеков – триатлон боюнча «Mix» командалык эсепте 3-орун;
•Дарья Исламова жана Айдар Тавинтеев – триатлон боюнча «Mix» командалык эсепте 3-орун.




