Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасынын бир катар объектилерин кыдырып, жылуулук менен камсыздоо системасын модернизациялоо долбоорлорунун ишке ашырылышы, энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү жана ишкананы өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Алгач мэр «Ботаникалык бак» отканасына барып, анда орнотулган күн электр станциясынын иши менен таанышты. Ишкананын адистеринин маалыматына ылайык, күн панелдери орнотулгандан кийин жаратылыш газынын чыгымы кыскарган. Мурда газ керектөө болжол менен 120 куб метрди түзсө, учурда ал орточо эсеп менен 60 куб метрге чейин азайган.

Объектти кароо учурунда калаа башчысы кызматкерлер үчүн кызматтык имараттарды курууда заманбап эмгек шарттарын түзүүгө жана айланасын көрктөндүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

«Эгерде кызматкерлер үчүн имараттар курулуп жатса, алар заманбап, ыңгайлуу жана бардык зарыл шарттары менен камсыз болушу керек. Ошондой эле аймакты жашылдандырууга өзгөчө көңүл буруу зарыл», — деди Айбек Джунушалиев.

Мындан тышкары, борбор калаанын башчысы «Бишкекжылуулукэнерго», «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканалары жана Бишкек ЖЭБи бирдиктүү механизм катары иш алып барышы керектигин белгиледи. Анын айтымында, тармакты модернизациялоо, заманбап технологияларды киргизүү жана ишканалардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жылуулук менен камсыздоо кызматтарынын өздүк наркын төмөндөтүүгө өбөлгө түзүшү зарыл. Бул өз кезегинде тургундардын электр суу жылыткычтарын («Аристон») колдонуу ордуна борборлоштурулган ысык суу менен камсыздоо тутумуна өтүшүнө шарт түзөт.

Андан соң мэр 10-кичи райондогу отканага барды. Жылуулук менен камсыздоо системасын борбордон ажыратуу программасынын алкагында  борборлоштурулган жылуулук менен камсыздоо тармагына болжол менен 7 миң абонент кошулган.

Кийинки объект «Ротор» отканасы болду. Анда ишкананын өзүндө өндүрүлгөн заманбап от казандар көрсөтүлдү.

Ишкананын жетекчилиги жаңы жабдуулар жогорку энергиялык натыйжалуулугу, үнөмдүүлүгү жана пайдалануудагы сапаты менен айырмаланарын белгиледи.

Көчмө жыйындын  соңунда Айбек Джунушалиев «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасынын абоненттик кызматында болуп, керектөөчүлөрдү тейлөөнүн бирдиктүү төлөм функциясы бар жаңы санариптик системасы менен таанышты. Ишкананын абоненттик базасы 47 пайызга көбөйгөнү маалымдалды.

«Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасынын директору Улан Айтиев акыркы жылдары ишкананын отканаларынын саны 74төн 190го чейин көбөйгөнүн белгиледи. Учурда алардын 133ү жаратылыш газы, 53ү электр энергиясы жана 4ү көмүр менен иштейт.

Жолугушуунун жүрүшүндө ишкананын жетекчиси келечектеги өнүктүрүү пландары тууралуу да айтып берди. Алардын катарында — жаңы отканаларды куруу, жылуулук менен камсыздоону борбордон чыгаруу программасын ишке ашырууну улантуу, ошондой эле социалдык чөйрөдөгү объекттерге күн панелдерин орнотуу пландары бар.