Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов менен биргеликте административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калаанын курамына кошулган Ак-Ордо конушунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар жалпы аянты 1 гектар 20 сотыхты түзгөн муниципалдык жер тилкесинде жайгашкан балдар аянтчасын реконструкциялоо, ошондой эле жаңы бала бакча куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылышты. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул жер тилкесин жеке жактарга өтүп кетүүсүнөн коргоп, муниципалдык менчикте сактап калууга мүмкүн болгон.
Айбек Джунушалиев тармактык кызматтарга иштеп жаткан балдар аянтчасын сапаттуу реконструкциялоону, ошондой эле бала бакчанын курулуш долбоорун даярдоону жана сунуштоону тапшырды.
Мындан сырткары, тургундар ЖЭБ-2нин жанында жайгашкан дагы бир жер тилкесин көрсөтүштү. Бишкек шаарын 2050-жылга чейин өнүктүрүүнүн Башкы планына ылайык, бул аймак жашыл зона катары каралган. Шаардыктар бул жерге тургундардын эс алуусу үчүн парк курууну сунушташты.
Борбор калаанын башчысы тиешелүү кызматтарга бул аймакта аттракциондорсуз көп сандагы бак-дарактарды отургузууну жана шаар тургундарынын тынч эс алуусу үчүн ыңгайлуу шарттары менен сейил багынын долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.










