2026-жылдын 25–30-июнь күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында дүйнө элдеринин маданиятына арналган «Дүйнө жаңырыгы» эл аралык сынагы өттү. Иш-чара улуттук маданий мурастарды сактоо жана даңазалоо, искусствону өнүктүрүү ошондой эле эл аралык маданий кызматташтыкты чыңдоо максатында ар кайсы өлкөлөрдөн келген чыгармачыл жамааттарды бириктирди.

Сынакка Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу №1 Балдар искусство мектебинин «Темир канат» комузчулар ансамбли ийгиликтүү катышты. Сынактын жыйынтыгында жамаат жогорку аткаруучулук чеберчилигин көрсөтүп, I орунга татыктуу болду.

Бул жеңиш жаш музыканттардын талыкпаган эмгегинин, педагогдордун кесипкөйлүгүнүн жана кыргыз улуттук музыкалык өнөрүнүн мыкты салттарын сактоого болгон берилгендигинин жыйынтыгы болду.