2026-жылдын 12–30-июнь күндөрү «Дельфин» ОРАБӨМдүн сууда сүзүү бөлүмүнүн тарбиялануучулары Азиянын суу спорт түрлөрү боюнча чемпионатына даярдыктын алкагында Ысык-Көлдүн жээгинде окуу-машыгуу жыйынынан өтүштү.
Окуу-машыгуу жыйынына спорт мектебинин эң күчтүү 8 спортчусу катышып, 18 күн бою машыктыруучулардын жетекчилиги астында даярдыктан өтүштү.
Окуу-машыгуу жыйынынын программасы сууда сүзүү техникасын өркүндөтүүгө, ылдамдык-күч сапаттарын өнүктүрүүгө, жалпы жана атайын дене даярдыгын жогорулатууга, ошондой эле чыдамкайлыкты бекемдөөгө багытталды.

