Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун 2026-жылдын 3–4-июль күндөрү саат 19:00дө «Ынтымак-2» сейил багынын амфитеатрында өтө турган ачык асман алдындагы музыкалык кечелерге чакырат.

Концерттик программада чыгармачыл жамааттар жана таланттуу аткаруучулар катышып, элдик жана эстрадалык чыгармаларды тартуулашат.

Долбоор шаардыктардын маданий эс алуусун уюштурууга, улуттук өнөрдү даңазалоого жана үй-бүлөлүк эс алуу үчүн жагымдуу шарт түзүүгө багытталган.

Эскерте кетсек, июнь айында музыкалык кечелер «Ала-Тоо» аянтында ийгиликтүү өткөн, ал эми июль айында долбоор борбор калаанын сейил бактарында улантылат.