2026-жылдын 3-июлунда саат 23:00дөн тартып Бишкек шаарында пилоттук режимде муниципалдык түнкү автобус каттамдары иштей баштайт.

Биринчи этапта №3, №16, №19, №35, №45 жана №55 каттамдары ишке киргизилет. Ар бир каттамда үчтөн автобус каттайт.

Жаңы кызмат борбор калаанын тургундарын жана конокторун кечки жана түнкү убакта коопсуз, ыңгайлуу жана жеткиликтүү коомдук транспорт менен камсыз кылууга багытталган.

Автобустар күн сайын бекитилген графикке ылайык, саат 23:00дөн 05:00гө чейин каттайт.

Жол кире акысы төмөнкүдөй болот:

* накталай эмес төлөмдө (банктык карта, транспорттук карта же QR-код аркылуу төлөгөндө) — 70 сом;
* накталай төлөмдө — 90 сом.

Түнкү автобус каттамдарын пилоттук режимде ишке киргизүү шаардын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана борбор калаанын тургундары менен конокторуна түнкү убакта коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүнө шарт түзөт.