Жаан-чачынга байланыштуу алдыда пландаштырылган ачык асман алдындагы музыкалык кечелер кийинкиге жылдырылды.
Иш-чаралар 3 жана 4-июль күндөрү «Ынтымак-2» сейил багынын амфитеатрында өтмөк.
Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт. Кийинки музыкалык кечелердин өткөрүлө турган күндөрү тууралуу кошумча маалымат берилет.