Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев өз сөзүндө, саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлерине, алардын талыкпаган эмгеги үчүн терең ыраазычылык билдирип, дарыгерлик кесип эң жоопкерчиликтүү жана оор кесиптердин бири экенин белгиледи.

«Дарыгерлик кесип — бул чоң жоопкерчилик, чыдамкайлык жана адамдарга болгон чексиз сүйүү. Сиздер күн сайын бейтаптардын өмүрү жана ден соолугу үчүн күрөшүп, үмүтүн үзгөндөргө кайрадан ишеним тартуулап, адамдардын саламаттыгына кам көрүп келесиздер. Ар бир жылуу сөзүңүздөр, кунт коюп мамиле кылганыңыздар жана жогорку кесипкөйлүгүңүздөр миңдеген жарандарыбызга толук кандуу жашоого мүмкүнчүлүк берүүдө», — деди Айбек Джунушалиев .

Ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн өзгөчөлөнгөн медицина кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары, Ыраазычылык каттары жана Бишкек шаарынын мэриясынын  баалуу белеги - кол сааттары менен сыйланышты.

Майрамдык иш-чара концерттик программа менен уланып, чыгармачыл жамааттар катышуучуларга көркөм музыкалык жана бий номерлерин тартуулашты.

Бишкек шаарынын мэриясы саламаттыкты сактоо тармагынын бардык кызматкерлерине кесибине болгон берилгендиги, жан аябас эмгеги жана борбор калаанын тургундарынын саламаттыгына көргөн камкордугу үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз!