Бишкек шаарында үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө, айлана-чөйрөгө кам көрүүгө жана борбор калааны жашылдандырууга багытталган «Жаш жубайлардын дарак отургузуусу» долбоору уланууда.
Дарак отургузуу үчүн жаш жубайлар https://greenair.kg/bishkek сайты аркылуу каттоодон өтүшү керек. Каттоодон өткөндөн кийин дарак отургузула турган жерди тандап, керектүү маалыматтарды толтуруп, QR-код аркылуу төлөм жүргүзүшөт.
Көчөттөрдүн баасы:
* 15 500 сом — жабык тамыр системалуу бак - дарактар (отургузуу мөөнөтү болжол менен 10-апрелден 25-октябрга чейин);
* 7 800 сом — ачык тамыр системалуу көчөттөр (отургузуу мөөнөтү болжол менен 10-марттан 10-апрелге чейин жана 26-октябрдан 25-ноябрга чейин).
Долбоордун катышуучулары көчөттү өз алдынча сатып алып да отургуза алышат. Мындай учурда көчөт белгиленген талаптарга жооп бериши жана алдын ала «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын адистери менен макулдашылышы зарыл.
Өз алдынча алынган көчөттү макулдашуу үчүн дагы https://greenair.kg/bishkek сайты аркылуу каттоодон өтүп, жеке маалыматтарын жана тандалган көчөттүн түрүн көрсөтүшү керек. Ошондой эле 0880 005 123 телефону аркылуу да катталууга болот.