Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Мозырская көчөсү, 79Б дарегинде жайгашкан №131 бала бакчанын кошумча корпусунун курулушу улантылууда.
Долбоорго ылайык, жаңы корпус 100 орунга ылайыкталган жана заманбап талаптарга жооп берген шарттарда курулууда. Имаратта тарбиялануучулар жана кызматкерлер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт. Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарт түзүү максатында долбоордо лифт орнотуу каралган.
Бүгүнкү күндө имараттын темир-бетон каркасын куруу иштери толугу менен аяктады. Учурда дубалдарды тургузуу иштери улантылып, электр монтаждоо иштери башталды.
Курулуш иштерин «Сапат Пром» ЖЧКсы жүргүзүүдө.



