Бишкек шаарында «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы менен GREEN AIR компаниясынын демилгеси аркылуу ишке ашырылып жаткан «Жаш жубайлардын дарак отургузуусу» экологиялык-социалдык долбоору уланууда.
Долбоордун алкагында алгачкы катышуучу болгон жаш жубайлар «Адинай» паркына көчөт отургузуп, жаңы салттын башталышына негиз салышты. Мындан тышкары, алар борбор калааны жашылдандыруу ишине өз салымдарын кошушту.
Көчөт отургузуу жаңы үй-бүлөнүн түптөлүшүнүн, сүйүүнүн, биримдиктин жана келечек муундар алдындагы жоопкерчиликтин символу болуп калды. Жаш жубайлар үчүн үй-бүлө курулган күндү эстеп калуу менен бирге туулуп-өскөн шаарын көрктөндүрүүгө жана өнүктүрүүгө өз салымын кошуу да чоң мааниге ээ экенин белгилешти.
Көчөт отургузуу иш-чарасы «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын адистеринин катышуусунда уюштурулду. Адистер аймактын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен көчөт отургузууга ылайыктуу жерди тандап беришип, аны мындан ары туура багуу боюнча сунуштарын беришти.




