Бишкек шаарында муниципалдык коомдук транспортто кайра отуруу тарифи ишке киргизилгенден бери шаар тургундары жол кирени төлөөнүн жаңы системасын жигердүү колдонуп жатышат.
Кызмат иштей баштаган алгачкы алты күндүн ичинде кайра отуруу тарифинин алкагында 56 817 акысыз кайра отуруу катталды.
Жаңы система боюнча, биринчи сапарды накталай эмес ыкма менен төлөгөн жүргүнчүлөр биринчи төлөмдөн кийинки 60 мүнөт ичинде муниципалдык каттамдардын ортосунда кошумча акы төлөбөстөн которулуп жүрө алышат. Бул чечим шаар ичиндеги каттамдарды ыңгайлуу кылуу жана жүргүнчүлөрдүн транспорттук чыгымдарын азайтуу максатында ишке киргизилген.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, кайра отуруу тарифин пайдалануунун жогорку көрсөткүчү анын шаар тургундары арасында чоң суроо-талапка ээ экенин тастыктап турат. Жаңы механизм каттамдарды натыйжалуу уюштурууга жана коомдук транспорттун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Кайра отуруу тарифин киргизүү борбор калаанын заманбап, ыңгайлуу жана жеткиликтүү транспорттук системасын өнүктүрүүгө багытталган комплекстүү иш-чаралардын бир бөлүгү болуп саналат.
