Бишкек шаарындагы муниципалдык коомдук транспортто жол киренин төлөнүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чаралар күн сайын, анын ичинде дем алыш күндөрү да өткөрүлүүдө.

Рейддердин жүрүшүндө айдоочулар жана жүргүнчүлөр менен жол кирени альтернативдүү ыкма аркылуу төлөө тартиби жана белгиленген талаптарды сактоонун зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, 2026-жылдын 1-июлунан тартып Бишкек шаарынын муниципалдык автобустарында жол кирени альтернативдүү төлөө системасы иштей баштады.

Рейддик иш-чаралардын негизги максаты — жол киренин өз убагында жана туура төлөнүшүн камсыз кылуу, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана коомдук транспорттун ишинин ачыктыгын камсыз кылуу.

«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы жүргүнчүлөрдү жана айдоочуларды белгиленген эрежелерди так сактоого чакырат. Көзөмөлдөө иш-чаралары туруктуу негизде улантылат.