Бишкек шаарынын мэриясы бардык кызыкдар жарандарды Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында ачык форматта өтө турган Экологиялык кеңештин жыйынына катышууга чакырат.

Иш-чара шаарды жашылдандыруунун актуалдуу маселелерин талкуулоого арналат.

Экологиялык кеңештин жыйыны 2026-жылдын 10-июлунда саат 17:00дө «Бишкекжашылкурулуш» ишканасынын питомнигинде өтөт, дареги Багиш кыска көчөсү, 82.

Ошондой эле каалоочулар мэрия уюштурган көчмө жыйынга катыша алышат. Анын жүрүшүндө муниципалитет жарандык активисттердин сунуш-пикирлерин жана кайрылууларын угуп, алар менен биргеликте шаардагы көйгөйлүү аймактарды кыдырат. Көчмө жыйынга катышууну каалагандар саат 16:00дө Бишкек шаарынын мэриясынын имаратынын алдына келиши керек. Дареги: Чүй проспектиси, 166. Көчмө жыйындан кийин катышуучулар «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын питомнигине барышат.

Жыйынга жарандык активисттер, ыктыярчылар, экологиялык коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана блогерлер чакырылат.

Катышууну каалагандар 2026-жылдын 9-июлунда саат 13:00гө чейин төмөнкү телефон номери аркылуу каттоодон өтүшү керек: +996 550 900 358.