Борбор калаадагы муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын 700 окуучусу жайкы эс алуусун «Алтын балалык» балдардын ден соолукту чыңдоо лагеринде өткөрүүдө.
Балдардын коопсуз жана ыңгайлуу эс алуусун камсыз кылуу максатында окуучулар жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша отряддарга бөлүнүп, ар бир отрядга тажрыйбалуу тарбиячылар жана отряд жетекчилери бекитилген. Лагердик нөөмөттүн жүрүшүндө балдар педагогдордун жана медициналык кызматкерлердин туруктуу көзөмөлүндө болушат.
Лагердин программасы билим берүүчү, спорттук жана чыгармачылык багыттагы ар түрдүү иш-чараларга бай. Күн сайын окуучулар үчүн спорттук мелдештер, интеллектуалдык таймаштар, чыгармачылык сынактар, концерттер, командалык оюндар, мастер-класстар жана маданий-көңүл ачуучу иш-чаралар уюштурулуп, алардын лидерлик сапаттарын, чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн жана командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.
Лагерде коопсуздук жана укуктук тарбияга өзгөчө көңүл бурулат. Балдар үчүн кызыктуу жана жеткиликтүү оюн форматында укук бузуулардын алдын алуу, мыйзамды урматтоо маданиятын калыптандыруу, коопсуз жүрүм-турум көндүмдөрүн өнүктүрүү, жол кыймылынын эрежелерин жана өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо, ошондой эле буллингдин жана жашы жете электер арасындагы башка терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Мындан тышкары, лагерде мамлекеттик органдардын жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен жолугушуулар уюштурулуп, анда окуучуларга жеке коопсуздук эрежелери, сергек жашоо образы жана өз аракеттери үчүн жоопкерчилик тууралуу маалыматтар берилет.










