Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Жал кичи районундагы 29/8 дарегинде жайгашкан №80 орто мектептин аймагында заманбап спорт комплексинин курулушун улантууда.

Долбоордун алкагында дене тарбия жана спорт менен машыгууга ыңгайлуу шарттарды түзгөн заманбап спорт комплекси курулат.

Объекттин аймагында спорт залы, футбол аянтчасы, чуркоо үчүн жол, воркаут аянтчасы жана көрктөндүрүлгөн аймак жайгашат.

Жер тилкесинин жалпы аянты 0,981 гектарды түзөт.

Спорт комплексинин имараты заманбап курулуш материалдарын жана технологияларын колдонуу менен курулууда. Долбоордо монолиттүү темир-бетон пайдубал, металл каркас, сэндвич-панелдерден жасалган сырткы дубалдар, металл тепкичтер жана металл устундарга орнотулган чатыр каралган.

Курулуш иштерин «Алтрейд» ЖЧКсы жүргүзүүдө.