2026-жылдын 9-июлунда саат 09:00дөн 03:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүлө турган аймактар: Алма-Ата көчөсү, «Чыгыш-5» кичи району, Абдрахманов көчөсү, Элебесов көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейин, Алма-Ата көчөсү, ЧЧК, Бакай-Ата көчөсү, Лебединовка айылы - Киров көчөсү боюнча ЧЧКдан Калинин көчөсүнө чейин, Луганская көчөсү, Лермонтов көчөсү, Ж. Баатыр көчөсү, «Мадина» базары, Алма-Ата көчөсү.

Өчүрүү Д= 500 мм болгон (2шт)  шаардык суу түтүктөрүндөгү авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө байланыштуу жүргүзүлөт.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы уюмдарды, шаар тургундарын алдын ала ичүүчү суу камдап алууга чакырат.

Эске салсак, “Менин шаарым” тиркемесин жүктөп алып, пландуу жана авариялык суу өчүрүүлөр тууралуу билдирмелерди алып турсаңыз болот.