Аалы Токомбаевдин мемориалдык үй-музейинде Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган «Өткөндү урматтоо — келечекке жол ачуу» аттуу маданий-агартуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын илимий жана коомдук чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол уюштурулду. Ага тарых илимдеринин доктору, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору Каана Айдаркул, экономика илимдеринин доктору, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Кубанычбек Идинов жана экономика илимдеринин кандидаты, Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин ардактуу профессору Алиакбар Алиходжаев катышты.
Ал эми иш-чаранын катышуучулары чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын студенттери жана магистранттары, борбор калаанын тургундары жана коноктору, ошондой эле Россия Федерациясынан келген коноктор болушту.
Тегерек столдун жүрүшүндө Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлүшүнүн кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандыруудагы тарыхый мааниси, тарыхый эс тутумду жана муундардын байланышын сактоо маселелери, ошондой эле коомдук аң-сезимди калыптандырууда жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө улуттук интеллигенциянын ролу талкууланды.
Катышуучулар үчүн Кыргыз Республикасынын эл акыны Аалы Токомбаевдин чыгармаларынын китеп көргөзмөсү уюштурулуп, архивдик сүрөттөр менен документтердин экспозициясы сунушталды. Ошондой эле «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу хронологиясы» аттуу даректүү тасма көрсөтүлдү.
Мындай иш-чаралар тарыхый эс тутумду сактоого, Кыргызстандын маданий мурастарын жайылтууга, улуттук тарыхка болгон урмат-сыйды калыптандырууга жана өлкөнүн руханий жана адабий мурастарына жаштардын кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзөт.




