Президенттин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн координациялоону күчөтүү боюнча тапшырмасынын алкагында Бишкек шаарынын мэри шаардын прокурору Канат Насипов, Бишкек шаары боюнча УКМКнын, Бишкек ШИИББдин,  «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин, Бишкек шаарынын архитектуралык-курулуштук контролдоо башкармалыгынын жана башка тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте курулушу аяктай элек көйгөйлүү объектилерге барып, жеринен көрүп чыкты.

Анын жүрүшүндө борбор калаанын Октябрь районундагы Токомбаев жана Молдокулов көчөлөрүндө жайгашкан объектилердин үлүштүк ээлери менен жолугушуу болуп өттү. Катышуучулар болуп жаткан көйгөйлөрдү талкуулап, жарандардын кайрылууларын угуп, аларды чечүү жолдорун карашты.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуунун бир нече варианттары иштелип чыкты. Тиешелүү жол-жоболор аяктап, зарыл чечимдер кабыл алынгандан кийин алардын жыйынтыгы тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берилет.

Жолугушуулардын соңунда калаа башчысы тиешелүү кызматтарга прокуратура, «Кадастр» мамлекеттик мекемеси жана Октябрь райондук администрациясы менен биргеликте белгиленген маселелердин чечилишине туруктуу көзөмөл жүргүзүп, колдонуудагы мыйзамдардын чегинде бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.