Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан №54 орто мектептин жанында жайгашкан скверди көрктөндүрүү иштери уланууда.

Долбоордун алкагында жалпы аянты 1,3 гектарды түзгөн аймак реконструкцияланып, шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору үчүн заманбап, коопсуз, функционалдык жана эстетикалык жактан жагымдуу коомдук эс алуу мейкиндиги түзүлөт.

Сквердин аймагында эс алуу жайлары, балдар ойноочу аянтча, воркаут аянтчасы, амфитеатр, жөө жүргүнчүлөр жана велосипед жолдору, ошондой эле унаа токтотуучу жай каралган.

Долбоорду ишке ашырууда аймактагы бак-дарактардын негизги бөлүгү сакталып калат. Көрктөндүрүү иштеринин алкагында автоматтык сугаруу системалары орнотулуп, жашыл аянттарды суу менен камсыздоо максатында суу скважинасын бургулоо каралган.

Мындан тышкары, жергиликтүү климаттык шарттарга ылайыкташкан жаңы бак-дарактардын жана декоративдүү өсүмдүктөрдүн көчөттөрү отургузулат. Жалпы жашылдандыруу аянты 5 064 чарчы метрди түзөт.

Бүгүнкү күндө объектте брусчатка төшөө жана асфальт-бетон жабуусун төшөө иштери улантылууда.

Ошондой эле скверде заманбап жарыктандыруу системалары, ар түрдүү үлгүдөгү отургучтар, таштанды урналары жана көлөкө берүүчү конструкциялар орнотулат. Бардык көрктөндүрүү элементтери бирдиктүү архитектуралык стилде аткарылат.