Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын спорт чеберине талапкерлерге күбөлүктөрдү тапшыруу аземи болуп өттү.
Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов 48 спортчуга күбөлүктөрдү тапшырып, аларды спорттук разряддын ыйгарылышы менен куттуктады. Ал спортчуларга мындан аркы ийгиликтерди, ар кандай деңгээлдеги мелдештерде ийгиликтүү катышууну жана Кыргызстандын намысын эл аралык аренада татыктуу коргоону каалады. Ошондой эле өз сөзүндө спортчулардын жетишкендиктеринде машыктыруучулар менен ата-энелердин эмгеги жана колдоосу чоң роль ойной турганын белгиледи.
Иш-чарага спортчулар, алардын ата-энелери жана машыктыруучулары катышып, күбөлүктөрдү салтанаттуу тапшыруу аземин уюштургандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.
Кыргыз Республикасынын спорт чеберине талапкер күбөлүктөрү эркин күрөш, ITF таэквондо, армрестлинг, самбо, жеңил атлетика, кунг-фу, дзюдо, кудо, грек-рим күрөшү (сурдо) жана спорттук бий боюнча спортчуларга тапшырылды.
Күбөлүк алган спортчулар:
Эркин күрөш:
•Калидинова Азема.
ITF таэквондо:
•Иминова Аилинаиша;
•Садретдинова Софьяна;
•Насыров Мансур;
•Кулатаева Айлин;
•Ким Ирсен;
•Идрисова Самира.
Армрестлинг:
•Абдыкулов Арсен;
•Ондрин Дмитрий.
Самбо:
•Азатбеков Алибек;
•Жанибеков Молдомуса;
•Бошмоюнов Абдурахим.
Жеңил атлетика:
•Ротарь Анастасия;
•Бейшеналиева Аяна;
•Замирова Бермет;
•Самаркул кызы Алия;
•Шарабидинов Билал;
•Токтосунов Арсен.
Кунг-фу:
•Адылканов Алихан;
•Бекешов Сыймык;
•Шабдукадыров Рустам;
•Асанбеков Темирлан;
•Кочкорбаев Хожимурод;
•Адилжанов Бехрузбек;
•Асанов Али;
•Анарбаев Арген;
•Кинванлун Эмиль;
•Максименко Ангелина;
•Джаныбеков Байаман;
•Джумабеков Алим;
•Кокулов Адилет.
Дзюдо:
•Болотбекова Гүлшан;
•Бектемишов Дамир;
•Эшимбекова Айжан;
•Полтушев Данияр;
•Адамбаева Аяна.
Кудо:
•Кадыркулов Алан;
•Торубаев Умар;
•Чернецов Вадим.
Грек-рим күрөшү (сурдо):
•Курбанов Нурислам;
•Уланов Арлен;
•Садырбеков Тариэль;
•Минжигитов Нургелди;
•Сабиралиев Бексултан.
Спорттук бий:
•Саломатин Артем;
•Бердиев Алихан;
•Пак Артур;
•Нуискова Вероника.
Мындай салтанаттуу иш-чаралар спортчуларды колдоо, спорттук жетишкендиктердин кадыр-баркын жогорулатуу жана жаштарды дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга шыктандыруу максатында мындан ары да туруктуу негизде өткөрүлүп турат.





























