Бишкек шаарында 2026-жылдын 11-июлунан тартып көчө-жол тармагын калыбына келтирүү долбоорунун алкагында Фрунзе көчөсүнүн Сүйүмбаев көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.

Бул иштер көчө-жол тармагын калыбына келтирүү долбоорунун кезектеги этабы болуп саналат. Жол тилкелери этап-этабы менен жабылып, оңдоо иштеринин шаардагы жол кыймылына тийгизген таасирин азайтуу максатында ишке ашырылууда.

Капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүндө эски асфальт-бетон жабдууларын демонтаждоо, жолдун катмарын бекемдөө, жаңы асфальт-бетон төшөө, ошондой эле жол инфраструктурасынын элементтерин жаңылоо иштери жүргүзүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү маршруттарын алдын ала пландаштырууну, жол кыймылынын убактылуу өзгөртүүлөрүн эске алууну жана убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.