Бишкек шаарында 2026-жылдын 11-июлунан тарта, көчө-жол тармагын реабилитациялоо долбоорунун алкагында капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу Фрунзе көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Шопоков көчөсүнө чейинки тилкеси кыймыл үчүн убактылуу жабылат.

Бул иштер жолду реабилитациялоо долбоорунун кезектеги этабы болуп саналат. Буга чейин оңдоо иштери Фрунзе көчөсүнүн Сүйүмбаев көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө башталган. Жол кыймылынын катышуучуларына ыңгайсыздыктарды болушунча азайтуу максатында, жолду жабуу иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.

Капиталдык оңдоонун жүрүшүндө эски асфальт-бетон төшөлмөсүн демонтаждоо, жолдун негизин чыңдоо, жаңы асфальт-бетон төшөө,  ошондой эле жол инфраструктурасынын элементтерин жаңылоо иштери аткарылат.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти айдоочулардан жана жөө жүргүнчүлөрдөн каттамдарын алдын ала пландаштырууну, жол кыймылын уюштуруудагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алууну  суранат.