2026-жылдын 10-июлунда Бишкекте Экологиялык кеңештин аянтчасында, шаардын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында коомдук угуулар өттү.
Иш-чара ачык форматта өтүп жашылдандыруу жана көрктөндүрүү объектилерин кыдыруу менен башталды. Ага Экологиялык кеңештин мүчөлөрү, экологиялык уюмдардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандык активисттер жана борбор калаабыздын тургундары катышты.
Шаардыктардын сунуштары боюнча катышуучулар Эмен сейил багына, Уркуя Салиева атындагы аянтка, Театр скверине, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жанындагы аймакка, Панфилов атындагы паркына жана Жаш Гвардия бульварына барышты.
Көчмө жыйындын учурунда тургундар жашыл өсүмдүктөрдүн абалы, коомдук жайларды көрктөндүрүү, бак-дарактарга кам көрүү жана экологиялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселелерди көтөрүштү. Ар бир кайрылуу боюнча шаар мэри Айбек Джунушалиев тийиштүү түшүндүрмөлөрдү берди, ал эми тиешелүү муниципалдык кызматтарга айтылган сунуштарды иштеп чыгуу тапшырылды.
Андан соң катышуучулар «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын питомнигине барып, көчөттөрдү өстүрүү иштери менен таанышышты. Учурда питомникте ар кандай дарак түрлөрүнүн 93 миң көчөтү өстүрүлүп жатат. Ошондой эле шаар тургундарынын питомникке келип көрүүсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Иш-чаранын катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып, мэр муниципалитет менен коомчулуктун ортосундагы ачык диалогдун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
«Бул иш-чараны пландаштырып жатканда, катышуучулар алда канча көп болот деп күткөнбүз. Биз социалдык тармактардагы макалаларды жана комментарийлерди кунт коюп карап, көптөгөн сын жана ар кандай пикирлерди көрүп жатабыз. Бүгүн бул жерге шаарыбыздын келечегине чындыгында кайдыгер карабаган адамдар келишти. Көчмө жыйын учурунда тургундар өзгөчө көңүл бурууну талап кылган конкреттүү көйгөйлөрдү көрсөтүштү. Өз тарабымдан айта кетсем, бүгүнкү күндө Бишкек жигердүү өнүгүүдө: инфраструктура жаңыланып, көрктөндүрүү боюнча масштабдуу долбоорлор ишке ашырылып жатат. Албетте, мындай жумуштарда катачылыктардан толук качуу мүмкүн эмес, бирок дал ушул ачык диалог кемчиликтерди өз убагында аныктоого жана аларды биргелешип чечүү жолдорун табууга жардам берет», — деп белгиледи борбор калаанын башчысы.
Андан кийин иш-чара ачык талкуу форматында уланды. Катышуучулар борбор калаанын жашыл фондун өнүктүрүү, жашылдандыруу, коомдук жайларды көрктөндүрүү жана шаардын экологиялык саясаты боюнча актуалдуу маселелерди талкуулап, шаардык чөйрөнү мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар сунуштарды киргизишти.
Экологиялык кеңештин жыйынтыгы боюнча борбор калаанын климаттык шарттарына ылайыкташкан чынар, карагач, липа жана башка бак-дарактардын түрлөрүн камтыган 100 миң түп көчөт отургузуу чечими кабыл алынды.
Коомдук угуулардын катышуучулары тарабынан айтылган бардык сунуштар жана сунуштамалар протоколго киргизилип, мындан ары жүзөгө ашыруу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын тармактык кызматтары тарабынан кеңири каралып чыгат.



















