«Акниет» турмуштун оор кырдаалында турган балдар үчүн борборунда «Сен таланттуу болуудан коркпо!» аттуу сүрөт сынагы өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты – балдардын чыгармачылык дараметин өнүктүрүү, талантын колдоо жана өзүнө болгон ишенимин арттыруу болду.
Сынакка борбордун тарбиялануучулары активдүү катышып, өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн сүрөт аркылуу көрсөтүштү. Ар бир эмгек өзгөчөлүгү менен айырмаланып, жогору бааланды.
Иш-чара борбордун сүрөт ийриминин жетекчиси Талайбек Урпалиевич тарабынан уюштурулду. Сынактын жыйынтыгында мыкты жаш сүрөтчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты.
Иш-чарага «Газпром» компаниясы демөөрчүлүк кылды. Компаниянын өкүлдөрү балдарга жемиштерди, таттууларды жана белектерди тапшырышты.
Мындай чыгармачылык сынактар балдардын талантынын ачылышына, чыгармачылык жөндөмдөрүнүн өсүшүнө жана өзүнө болгон ишенимдин артышына өбөлгө түзөт.




