10-жана 11-июлда «Ынтымак-2» паркынын амфитеатрында Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулган ачык асман алдындагы музыкалык кечелер өттү. Концерттер борбор калаанын тургундары менен конокторунун башын бириктирип, аларга жандуу музыканын жана жайкы эс алуунун жагымдуу атмосферасын тартуулады.

10-июлда көрүүчүлөр үчүн Кыргыз Республикасынын Эл артисти Замира Мавлянованын жетекчилиги алдындагы «Belcanto» музыкалык-билим берүү комплексинин таланттуу окуучулары жана чыгармачыл жамааты өнөрлөрүн көрсөтүштү. Концерттик программада ар кыл жанрдагы музыкалык чыгармалар жаңырып, аткаруучулар өздөрүнүн жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтүштү.

11-июлда музыкалык кечеде «Мыкан» маданият үйүнүн чыгармачылык жамааты  «Ырыс – Ынтымак» ансамблинин концерти менен уланды. Ошондой эле ырчылар элдик жана эстрадалык чыгармаларды аткарып, келген көрүүчүлөр үчүн майрамдык маанай тартуулашты.

Музыкалык кечелер борбор калаанын маданий турмушун өнүктүрүү, улуттук искусствону жайылтуу жана үй-бүлөлүк эс алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында уюштурулууда.

Эске салсак, июнь айында музыкалык кечелер «Ала-Тоо» аянтында ийгиликтүү өткөн. Ал эми июль айында долбоор борбор калаанын сейил бактарында улантылып, шаар тургундары жана коноктору ачык асман алдында уюштурулган концерттик программаларга күбө боло алышат.