«Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн санариптик кызматтарды өнүктүрүүнү улантууда.
«Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде жаңы «Түнкү каттамдар» функциясы ишке кирди. Ал түнкү убакта коомдук транспорттун иши тууралуу маалыматты тез жана ыңгайлуу алууга мүмкүнчүлүк берет.
Жаңы бөлүмдө колдонуучулар түнкү убакта каттаган автобус каттамдарынын тизмеси менен таанышып, өзүнө ыңгайлуу багытты тандай алышат.
Учурда № 3, 13, 16, 19, 35, 45 жана 55 автобустары түнкү каттамдарды аткарышат.
Бул функция кеч же түн ортосунда үйгө кайтып келгендер, түнкү нөөмөттө иштегендер, жакындарын тосуп же узаткандар, ошондой эле багытын алдын ала пландаштыруу маанилүү болгон шаар тургундары жана коноктору үчүн өзгөчө пайдалуу.
Кызматты колдонуу үчүн "Менин шаарым" тиркемесин ачып, "Транспорт" бөлүмүнө өтүп, андан кийин "Түнкү каттамдарды" тандаңыз.
