Бишкекте шаардын жол-транспорттук инфраструктурасын модернизациялоо боюнча иш-чаралардын алкагында Васильевский тракт көчөсүн этап-этабы менен реконструкциялоо уланууда.

Оңдоп-түзөө иштеринин биринчи этабы 2026-жылдын 23-26-июнь күндөрү ийгиликтүү аяктады. Иштердин жүрүшүндө жалпы узундугу 8 километрди түзгөн жол тилкеси реконструкцияланган.

Экинчи этап 2026-жылдын 27-июнунан 4-июлуна чейин уланып, Фучик көчөсүнөн «Манас» эл аралык аэропортуна чейинки тилкени камтыган.

Үчүнчү этап 2026-жылдын 5-12-июль күндөрү ишке ашырылган. Комсомол көчөсүнөн Чоң Чүй Каналына чейинки 7 километрлик тилкеде иштер жүргүзүлгөн.

2026-жылдын 13-июлунан баштап реконструкциялоонун төртүнчү этабы башталат. Бул этаптын алкагында аэропорттон Манас айылына чейинки тилкеде жолдун чыгыш тарабы жабылат. Унаалардын  кыймылы жолдун карама-каршы тарабы менен уюштурулат.

Жол кыймылынын катышуучуларына ыңгайсыздыктарды азайтуу максатында, жолду толук жабуу каралган эмес. Оңдоо иштери жүрүп жаткан мезгилде эки багыттагы унаа кыймылы жолдун бир тарабы аркылуу жүргүзүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар  тургундарынан жана конокторунан убактылуу киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга, жол белгилеринин талаптарын жана жол кыймылын жөнгө салуучулардын көрсөтмөлөрүн так аткарууга, ошондой эле мүмкүн болушунча жүрүү багытын алдын ала пландаштырууга чакырат.