Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык түзүмдөрдүн кызматкерлери арасында велосипед маданиятын өнүктүрүүгө багытталган демилгени ишке ашырууда. Долбоор велосипедди шаар ичинде жүрүүнүн толук кандуу каражаты катары жайылтууга, экологиялык жактан таза шаардык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө, жолдордогу транспорттук тыгынды азайтууга жана шаардык чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамиле кылуу маданиятын калыптандырууга багытталган.

Демилгеге катышуу ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Ага мэриянын түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн кызматкерлери, ошондой эле муниципалдык ишканалар менен мекемелердин кызматкерлери күн сайын жумушка барып-келүүдө велосипедди колдонуу аркылуу катыша алышат.

Демилгенин негизги максаты — велосипед шаар ичинде жүрүүгө ыңгайлуу, жеткиликтүү жана натыйжалуу транспорт каражаты экенин көрсөтүү. Ошондой эле ал экологиялык абалды жакшыртууга, жарандардын ден соолугун чыңдоого жана шаардык чөйрөнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Эң активдүү катышуучулар мэриянын расмий маалымат булактарында белгиленип, кварталдын жана жылдын аягында белгиленген тартипте сыйланышат.

Демилге ыктыярдуу негизде ишке ашырылат жана Кыргыз Республикасынын Жол кыймылы эрежелерин милдеттүү түрдө сактоого тийиш.

Велосипед маданиятын өнүктүрүү заманбап, экологиялык таза жана ыңгайлуу шаарды калыптандыруунун маанилүү багыттарынын бири. Муниципалдык түзүмдөрдүн кызматкерлери өз үлгүсү менен туруктуу шаардык мобилдүүлүктүн артыкчылыктарын көрсөтө алышат жана борбор калаанын тургундары үчүн жагымдуу шаардык чөйрөнү түзүүгө салым кошо алышат.