Ишемби күнү Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев бир катар курулуш иштери жүрүп жаткан объектилерге барып, жолдордун курулушу жана реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, ошол эле учурда долбоорлордун ишке ашыруу мөөнөтүнө таасир этүүчү көйгөйлүү маселелерди жеринде карап чыкты.
Мэр Дүйшеев көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов проспектисинен Байтик баатыр көчөсүнө чейинки тилкесинде болду. Бул жерде узундугу 1,1 км болгон жаңы жолдун курулушу жана көпүрө куруу иштери башталып, ал эки маанилүү шаардык магистралды бириктирип, борбордун түштүк бөлүгүнүн транспорттук жеткиликтүүлүгүн жакшыртат. Тилкеде долбоорду өз убагында баштоо үчүн зарыл болгон маселелер жеринде каралды.
Кыдыруу учурунда төмөнкү жол тилкелери да текшерилди:
* Муромский көчөсү Алыкуловдон Ахунбаев көчөсүнө чейин;
* Сухэ-Батор көчөсү 7-Апрель көчөсүнөн Чыгыш айланма жолуна чейин;
* Ауэзов көчөсү Салиева көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин.
Көчмө жыйын учурунда инженердик тармактарды, канализацияны куруу, аткарылып жаткан жол иштеринин сапаты, сырткы жарыктандыруу, ошондой эле курулуш аймагына кирген объектилерге өзгөчө көңүл бурулду. Бир катар көйгөйлөр подрядчы уюмдардын жана тиешелүү шаардык кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жеринде чечилип, бул долбоорлордун ишке ашырылышынын ыкчам чечилишине мүмкүнчүлүк түздү.
Көчмө жыйындын соңунда Айбек Джунушалиев подряддык уюмдарга жана жооптуу муниципалдык кызматтарга курулуштун темпин күчөтүүнү, иштин сапатын камсыз кылууну жана бардык объекттерди ишке ашыруунун белгиленген мөөнөттөрүн так сактоону тапшырды.


















