Борбор калаада «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы менен GREEN AIR компаниясынын демилгеси аркылуу ишке ашырылып жаткан «Жаш жубайлардын бак отургузуусу» аттуу экологиялык жана социалдык долбоор уланууда.

Долбоордун алкагында экинчи жаш жубайлар «Адинай» паркына  салтты улантып, ясень көчөтүн отургузуп, Бишкек шаарын жашылдандырууга өз салымын кошушту.

Иш-чаранын өзгөчө учурларынын бири – Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусу болду. Ал жаш жубайларды куттуктап, аларга үй-бүлөлүк бакыт, ынтымак, бакубат жашоо жана узак өмүр каалады.

Шаар башчысы мындай демилгелер үй-бүлөлүк баалуулуктарды айлана-чөйрөгө болгон камкордук менен айкалыштырып, шаардын келечегине жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырарын белгиледи.

Ясень көчөтүн отургузуу жаңы үй-бүлөнүн башталышынын, сүйүүнүн, биримдиктин жана келечек муундардын алдындагы жоопкерчиликтин символу болду. Жаш жубайлар үчүн бул күндүн элесин сактап калуу менен катар, Бишкек шаарынын өнүгүшүнө өз салымын кошуп, артында жакшы из калтыруу маанилүү экенин белгилешти.

Бак отургузуу иш-чарасын «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын адистери уюштурушту. Алар аймактын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен көчөт үчүн ылайыктуу жерди тандап берип, аны мындан ары багуу боюнча сунуштарын беришти.

Долбоорго катышуу үчүн жаш жубайлар https://greenair.kg/bishkek сайты аркылуу арыз бере алышат. Андан соң бак отургузула турган жерди тандап, керектүү маалыматтарды толтуруп, QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Белгилей кетсек, долбоордун катышуучулары көчөттү өз алдынча сатып алып да отургуза алышат. Бул үчүн көчөттүн түрүн алдын ала «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын талаптарына ылайык макулдашуу зарыл.  Бул үчүн https://greenair.kg/bishkek сайтына көчөттүн түрүн жана керектүү маалыматтарды көрсөтүп арыз калтыруу же 0880 005 123 телефон номери  аркылуу кайрылуу зарыл.

Белгилей кетсек, долбоорго катышуу ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Демилге үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоого, экологиялык маданиятты өнүктүрүүгө жана борбор калаанын жашыл фондун көбөйтүүгө багытталган.