2026-жылдын 13-июлунда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев муниципалдык автобустун катышуусунда адам өмүрүн алган жол-транспорт кырсыгына байланыштуу чукул жыйын өткөрдү.
Жыйынга мэрдин орун басарлары, шаардык кызматтардын жетекчилери жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.
«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, №34 каттамын тейлеген Zhong Tong үлгүсүндөгү автобустун айдоочусу Рыскулов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына бурулуп жатып, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп жаткан баланы сүзүп кеткен. Алган оор жаракаттарынан улам бала окуя болгон жерде каза болгон.
Ошондой эле, айдоочу 2023-жылдын сентябрь айында жарактуу айдоочулук күбөлүгү менен жумушка кабыл алынганы аныкталган. Бирок 2026-жылдын январь айында ал транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылган. Ал бул фактыны жумуш берүүчүдөн жашырып, ички текшерүүлөр учурунда айдоочулук күбөлүгүнүн жасалма көчүрмөсүн көрсөтүп жүргөн. Мындан тышкары, сотто ишти кароо учурунда айдоочу убактылуу жумушсуз экенин айткан, буга байланыштуу унаа башкаруу укугунан ажыратылгандыгы тууралуу маалымат ишканага жиберилген эмес.
Калаа башчысы Айбек Джунушалиев буга чейин жүргүнчүлөрдү ташуунун коопсуздугун жогорулатуу боюнча бир катар чаралар көрүлгөндүгүн, анын ичинде айдоочулар үчүн план системасын жоюу, жүрүү акысын төлөөнүн альтернативдик ыкмаларын киргизүү жана эмгек тартибин сактоону күчөтүү боюнча иштер аткарылгандыгын баса белгиледи.
Шаар башчысы жооптуу кызмат адамдарынын ишин кескин сынга алып, каттамга чыгар алдында медициналык жана техникалык кароодон өткөрүү менен катар айдоочулардын күбөлүктөрүнүн жарактуулугун да үзгүлтүксүз текшерүү зарыл экенин белгиледи.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча үч күндүн ичинде кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, болгон окуянын себептери аныкталып, жооптуу адамдардын чөйрөсү белгиленсин. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча күнөөлүүлөр ээлеген кызматтарынан бошотууга чейин жоопкерчиликке тартылат. Кызматтык териштирүүнүн материалдары укук коргоо органдарына укуктук баа берүү үчүн берилет.



