2026-жылдын 11–12-июлунда Бишкек шаарында эркектер жана аялдар арасында бадминтон боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты жана биринчилиги өттү.
Мелдешке 120дан ашуун спортчу катышып, калыстыкты 14 калыс камсыз кылды.
Мелдештин негизги максаты — бадминтон спортун жайылтуу, сергек жашоо образын пропагандалоо, катышуучулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана Бишкек шаарынын курама командасын түзүү.
Шаар биринчилиги төмөнкү жаш курактык категорияларда өткөрүлдү: 2014-жылы туулган жана андан кичүү, 2012–2013-жылдары туулган жана 2010–2011-жылдары туулган өспүрүмдөр арасында.
Шаар чемпионаты чоңдор арасында төмөнкү категориялар боюнча өткөрүлдү: эркектер жана аялдар арасында жеке, эркектер жана аялдар арасында жуптук, ошондой эле аралаш жуп.
Мелдештин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери кубок, медаль, диплом жана эстелик белектер менен сыйланышты.
Бишкек шаарынын биринчилигинин жеңүүчүлөрү:
2014-жылы туулган жана андан кичүү
•Уландар арасында: 1-орун — Махмудсалиев Нуртилек; 2-орун — Муратбеков Бекболсун; 3-орун — Таштанбеков Алинур.
•Кыздар арасында: 1-орун — Медетбекова Үмүтай; 2-орун — Ниязбекова Раяна; 3-орун — Ибраева Малика.
2012–2013-жылы туулган
•Уландар арасында: 1-орун — Алиев Абдулла; 2-орун — Кадыралиев Элдар; 3-орун — Осмонбеков Элбар.
•Кыздар арасында: 1-орун — Кубатбекова Адеми; 2-орун — Абдиева Ажара; 3-орун — Кемелбекова Элима.
2010–2011-жылы туулган
•Уландар арасында: 1-орун — Турумбеков Мансур; 2-орун — Замиров Бекзат; 3-орун — Эркинбеков Байел.
•Кыздар арасында: 1-орун — Бектурсунова Алтынай; 2-орун — Шайлообекова Нурайым; 3-орун — Туратбекова Эркайым.
Бишкек шаарынын чемпионатынын жеңүүчүлөрү:
Аялдар арасында жеке беттеш
1-орун — Айсарова Жасмин;
2-орун — Турарова Талайгүл;
3-орун — Шайлообекова Нурайым.
Аялдар арасында жуптук беттеш
1-орун — Петрова Татьяна / Айсарова Жасмин;
2-орун — Бектурсунова Алтынай / Турарова Талайгүл;
3-орун — Зейнил-Абдиева Амина / Казыбекова Хадижа.
Эркектер арасында жеке беттеш
1-орун — Кубатбек уулу Адилет;
2-орун — Турумбеков Мансур;
3-орун — Садыков Абдумалик.
Эркектер арасында жуптук беттеш
1-орун — Садыков Абдумалик / Алиев Абдулла;
2-орун — Кубатбек уулу Адилет / Замиров Бекзат;
3-орун — Мухаммед / Турумбеков Мансур.
Аралаш жуп (микст)
1-орун — Турарова Талайгүл / Мухаммед;
2-орун — Бектурсунова Алтынай / Турумбеков Мансур;
3-орун — Айсарова Жасмин / Садыков Абдумалик.











