2026-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жол объекттерин куруу жана капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди.

Борбор калаанын башчысы Иманалиев көчөсүнүн Байтик баатыр көчөсүнөн башталган капиталдык оңдоо иштери жүрүп жаткан тилкесине барды. Учурда бул жерде суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө, андан соң жаңы жол катмары төшөлүп, жолдун эки тарабына тең тротуарлар курулат.

Шаар мэри Айбек Джунушалиев иштин темпин күчөтүүнү, иштерди этап-этабы менен аткарууну жана шаар тургундарына ыңгайсыздыкты минималдаштырууну тапшырды.

Андан соң калаа башчысы Чыгыш айланма жолунун курулуш иштери менен таанышты. Жооптуу кызматтарга жана подряддык уюмдарга долбоорду ишке ашыруунун темпин тездетүү жана бардык иштерди бекитилген графикке ылайык аткарууну камсыз кылуу тапшырылды.

Ошондой эле мэр Саманчин көчөсүн Байтик баатыр көчөсүнө чейин чыгаруу иштеринин жүрүшүн текшерип, объекттин учурдагы абалы менен таанышып, иштерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча тапшырмаларды койду.

Текшерүүдөн кийин мэр Айбек Джунушалиев кызматкерлерге курулуш иштеринин тийиштүү сапатын камсыз кылууну, бардык долбоорлор боюнча белгиленген мөөнөттөрдү так сактоону жана алардын ишке ашырылышына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.