2026-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев КР Жогорку Кеңешинин депутаты Гуля Кожокулова менен биргеликте билим берүү мекемелеринин кошумча корпустарынын курулушу жана капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө катышуучулар №56 мектептин капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышышты. Учурда объектте демонтаждоо жана электр монтаждоо иштери аяктап, жасалгалоо жана курулуш-монтаждоо иштери уланууда.

Долбоордо имаратты толугу менен жаңылоо каралган. Мектептин аймагында кичи футбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут жана балдар аянтчалары, чуркоо үчүн жолдор, тышкы жарыктандыруу жана тротуарлар курулат.

ЖК депутатынын демилгеси менен борбор калаанын башчысы мектептин фасадынын заманбап архитектуралык чечимин иштеп чыгууну тапшырды. Мында билим берүү мекемеси балдар үчүн жагымдуу, коопсуз жана ыңгайлуу болушу керектиги эске алынат.

Андан соң катышуучулар 500 окуучуга ылайыкталган №3 мектептин кошумча корпусунун курулушу менен таанышышты. Долбоордо заманбап окуу класстары жана спорттук инфратүзүм, анын ичинде кичи футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут аянтчасы жана чуркоо үчүн жол каралган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мэр психолог-адистердин сунуштарын эске алуу менен ички бөлмөлөрдүн түс чечимдерин кайра карап чыгууну, санитардык түйүндөрдү сапаттуу жарыктандыруу менен камсыз кылууну, ошондой эле мектептин эски имаратынын фасадынын архитектуралык көрүнүшүн иштеп чыгууну тапшырды.

Акыркы объект №64 мектептин кошумча корпусу болду. Подряддык уюмга кошумча күчтөрдү тартуу, курулуштун темпин тездетүү жана аткарылып жаткан иштердин сапатына болгон бардык талаптардын сакталышын камсыз кылуу тапшырылды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында шаар мэри Айбек Джунушалиев подряддык уюмдарга жана шаардык тиешелүү кызматтарга бардык объекттерди белгиленген мөөнөттө жана жогорку сапатта бүткөрүүнү камсыз кылууну тапшырды.