Бүгүн, 2026-жылдын 15-июлунда, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Олд Бишкек» соода комплексинин аймагында көчмө жыйын өткөрдү.

Бишкек шаары боюнча архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөк техникалык режимде ачылган, бирок ушул күнгө чейин объектти пайдаланууга берүү расмий түрдө ишке ашырылган эмес. Буга карабастан, комплекстин аймагындагы коммерциялык объекттер өз алдынча иш жүргүзүп келишет.

«Баарыбыз шаарды өнүктүрүү үчүн иштеп жатабыз. Өз убагында муниципалитет шаардык инфраструктураны модернизациялоо жана жаңылоо шарты менен бул долбоордун ишке ашырылышын колдогон. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бизнес өз милдеттенмелерин бир тараптуу гана аткарууда», — деп баса белгиледи мэр Айбек Джунушалиев.

Свердлов райондук администрациясы тарабынан 2026-жылдын 1-июлунда ижарачыларга эки жумалык мөөнөттө аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү талабы менен 122ге жакын билдирүү берилген.

Көчмө жыйындын жыйынтыгы боюнча борбор калаанын башчысы соода түйүндөрү иштеп жаткан жер алдындагы өтмөктүн аймагын мөөр басып жабууну тапшырды. Инвестор өзүнө алган милдеттенмелерин толук аткармайынча жана объект расмий түрдө эксплуатацияга берилмейинче, бардык коммерциялык түйүндөрдүн ишмердүүлүгү токтотулушу керек.

Мындан тышкары, тиешелүү кызматтарга ижарачылар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, соода комплексинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу бардык маселелер боюнча долбоордун инвесторлоруна кайрылуу зарылдыгын түшүндүрүү тапшырмасы берилди.

«Инвестор өзүнө алган бардык милдеттенмелерди толук аткарып, объектти мыйзамда белгиленген тартипте расмий пайдаланууга бергенден кийин гана соода комплексинин иши кайра жандандырылышы мүмкүн», — деди мэр.

Белгилей кетсек, жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөк шаар тургундары жана коноктору үчүн мурдагыдай эле ачык бойдон калат. Чектөөлөр соода жайларынын ишмердүүлүгүнө гана тиешелүү.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө Айбек Джунушалиев ошондой эле Чүй проспекти менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги тилкеде жүргүзүлүп жаткан демонтаж иштеринин жүрүшү менен таанышты. Мындан сырткары, аймакты көрктөндүрүү жана фонтан аймагын реконструкциялоо иштери да текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү шаардык кызматтарга курулуш-монтаждоо жана көрктөндүрүү иштеринин темпин тездетип, алардын сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аякташын камсыз кылуу тапшырылды.