Бишкек шаарында абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасы атайын техникалардын жардамы менен жасалма фонтан түрүндө абаны нымдаштыруу иштерин жүргүзүүдө.
Бул иштерге 25 даана атайын техника тартылып, шаар көчөлөрүнө муздак суу чачууда.
Жолдун бетине суу чачуу асфальттын температурасын төмөндөтүүгө, абадагы чаңдын көлөмүн азайтууга жана аптаптуу ысык күндөрү шаар тургундарынын көчөдө жүрүүсүнө жагымдуу шарт түзүүгө багытталган.



