2026-жылдын 15-июлунда Бишкек шаарынын Ленин районунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды одоно бузган коомдук тамактануу жайларынын ишин убактылуу токтотуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү.

Бул иш-чаралар Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасын, ошондой эле Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынын мыйзам бузууларга өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды четтетүү жөнүндө токтомун аткаруу максатында уюштурулду. Текшерүү жүргүзүү үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.

Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жүргүзгөн комплекстүү санитардык-эпидемиологиялык текшерүүнүн жүрүшүндө Бейшеналиева көчөсүнүн Чүй проспектисинен Пушкин көчөсүнө чейинки тилкесинде жайгашкан коомдук тамактануу жайларында санитардык талаптардын одоно бузулугандыгы аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы жана буга чейин берилген санитардык эскертүүлөрдү эске алуу менен, 2026-жылдын 15-июлунда санитардык мыйзамдарды бузууга жол берген 9 коомдук тамактануучу жайдын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду.

Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясы санитардык ченемдердин сакталышын камсыздоо жана калктын ден соолугун коргоо боюнча иштерди мындан ары да улантат.