«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Осмонкул көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштерин улантууда.

Оңдолуп жаткан тилкенин жалпы узундугу 1 400 метрди, туурасы 9 метрди түзөт.

Долбоордун алкагында жол инфраструктурасын комплекстүү жаңылоо каралган. Көчөнүн эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жана жаан-чачын менен кардын эриген сууларын натыйжалуу агызууга мүмкүндүк берүүчү суу өткөрүүчү арыктар (лотоктор) курулат. Бул өз кезегинде жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Капиталдык оңдоо иштери аяктагандан кийин жолдун транспорттук өткөрүмдүүлүгү жакшырып, жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлөт.